Печать
Категория: Коом
Просмотров: 174

 

Жогорку Кеңеште Атамбаевдин кол тийбестик макамын алуу боюнча депутаттык комиссиянын жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева УКМКнын мурдагы башчысы Абдил Сегизбаевге болгон таарынычын айтты.

 

 “Мен андан бир нече жолу Бакиевдерди экстрадациялоо боюнча сүйлөшүүлөр качан болоорун сурадым, бирок жооп ала алган жокмун”, - деди депутат.

 

Ал убакыт өткөн сайын 2010-жылдагы революциянын максаты унутта калып баратканын белгиледи.

 

“Кыргыз балдар Бакиевдик режим токтойт деген үмүт менен өлүштү. КСДПдан 10 жыл ичинде эч ким Бакиев менен анын уулун экстрадациялоо маселесин көтөрүшпөдү. Менин атам, Жогорку Кеңештин депутаты бул клан бийлик жүргүзүп жатканда киши колдуу болгон. Абдил Сегизбаевге да кирип, айткам, бирок эч жооп ала албадым. Экс-президент бул маселе менен алектенбегенин моюнга алалы”, - деди Сурабалдиева.