Кыргыз Республикасынын ИИМдин 2-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери ок атуучу куралды мыйзамсыз сатуу аракетин аныкташты. Жакында криминалдык милиция кызматы тарабынан жаран кесилген ок атуучу куралды мыйзамсыз сатуу аракетин көрүп жаткандыгы жөнүндө ыкчам маалымат келип түшкөн. Маалыматты текшерүү учурунда милиция кызматкерлери Чүй облусунун Жайыл районунун жашоочусуна чыгышкан. Аталган факты КЖБРге катталган.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКнын 2-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери Жайыл РИИБдин КМКнын кызматкерлери менен биргеликте куралды мыйзамсыз сатуунун катышуучуларын тактоого багытталган ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүшкөн. Болжолдуу маалымат боюнча Чүй облусунун жашоочусу ок атуучу куралды мал жандыгына алмаштурууну көздөп жүргөн.
Атайын операциянын жүрүшүндө, ушул жылдын июнь айынын ортосунда Кара-Балта шаарынын жашоочусу, 1986-жылы туулган Ш.С. аттуу жаран кармалып, далилзат катары “ТОЗ-8” үлгүсүндөгү ок атуучу курал алынды.
Азыркы учурда Чүй облусунун Жайыл РИИБдин тергөө кызматы тарабынан ок атуучу куралды сатуу фактысы боюнча сотко чейинки иликтөө жүрүп жатат.