Печать
Категория: Коом
Просмотров: 205

 

Биринчи май райондук сотунда 25-июнда Тарых музейин жана Чолпон-Атадагы ипподромду оңдоодогу коррупция боюнча ачылган кылмыш ишинин негизинде сот процесси башталат.

 

Бул тууралуу мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун адвокаты Нурбек Токтакунов билдирди.

 

Айтымында, Бишкек шаардык соту адвокаттын иштин материалынан бир катар далилдерди алып салуу өтүнүчүн канааттандырган эмес. Соода-өндүрүш палатасынын экспертизалык актысында кайсы бир эксперт оозеки түрдө бир нече соода чекиттериндеги реализаторлордон Тарых музейин оңдоодо колдонулгандай товарлардын баасын сурамжылаган.

“Соода-Өндүрүш палатасынын уставында жана мыйзамда палата товардын сапаты, саны жана комплектүүлүгүн гана экспертизадан өткөрө алаары жазылган. Аталган палатанын алдындагы Кыргызэкспертизанын милдетине базар баасын аныктоо кирбейт”, - дейт адвокат.

 

Ал белгилендей, мына ушундай жол менен экинчи инстанция процессуалдык норманы одоно бузуу менен жүргүзүлгөн тергөөнү колдоп жатат.