Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча ачылган кылмыш ишинин негизинде камакка алынган мурдагы вице-премьер-министр Шамиль Атахановдун баш коргоо чарасы кандай болуп өзгөртүлгөнү ачык айтылбайт. ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, тергөө кызыкчылыгынан улам аны жашыруун кармоо зарыл.
Атахановдун баш коргоо чарасы абакта кармоодон башкага өзгөргөнү белгилүү болду, бирок кандай – так айтылбайт.
Шамиль Атаханов 7-июнда кармалган. ИИМдин Тергөө кызматында суракка алынып жатканда тергөө менен кызматташууга даяр экенин билдирген. Ал мындай макулдугун адвокаттарынын катышуусунда берген. Ошондуктан, мурдагы вице-премьер-министрдин баш коргоо чарасы өзгөртүлгөн.
ЖАМКнын маалыматына караганда, Атаханов абактардын эч биринде жок.