Баткен районунун Там-Тумшук айылында жергиликтүү тургундардын ортосунда чыр-чатак орун алды. Бул тууралуу Мамлекеттик чегара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кыргызстандык жарандар Ходжа-Альо айылынын тургундары Исфара-Ворух жолунун аймагына асфальт төшөп баштаганына нааразы болушкан.
Мамлекеттик чегара кызматы жергиликтүү тургундар кайым айтыша баштаганда чатакты жөнгө салууга аракеттенишкен. Учурда акыбал туруктуу. Тажик тарап макулдашылбаган аймакка асфальт төшөшкөн. Азыр алар ишти токтотушту.