Печать
Категория: Коом
Просмотров: 159

 

Бул тууралуу Бишкек ШИИБинен билдиришти.

 

Маалыматка караганда, өзүн милиция кызматкеримин деп тааныштырып, тапанчасын кезеген мас абалдагы жаран кайра күнөөсүн моюуна алып укук коргоо кызматтарына келген.

 

14-июнда мас абалындагы белгисиз жарандын    Жеңишбек уулу Тынчтыкбек дегендин атындагы кызматтык күбөлүгүн,  белгисиз үлгүдөгү тапанчасын көрсөтүп, өзүн милиция кызматкеримин деген видеосу тараган. Мындан улам жаранга издөө жарыяланган.

 

Ошол эле күнү саат 15:30дарда ал жаран милицияга өзү келген. Ал 1991-жылы туулган Ж.Т. аттуу жаран экени аныкталган.

 

Анын айтымында, 13-июнда саат 22:00дөрдө Ала-Арча суу сактагычынын жанында чында эле кызуу абалда жүргөн. Ага белгисиз төрт эркек жана бир аял тийишкен, алардан коркуп кетип, кызматтык күбөлүгүн көрсөтүп, милиционермин деп айткан.

 

 Ал эми тапанча оюнчук тапанча болгон. Мындай кылуу менен коркунуч жараткан жарандардан алыстоого аракеттенген. Ж.Т. эч убакта милиция кызматында иштебегенин моюнуна алып, милиция кызматкеринин атын сатканы үчүн кечирим сураган.

 

Ал Улуттук гвардияда 2016-2017-жылдары кызмат өтөгөн. Ошол бойдон кызматтык күбөлүгүн тапшырган эмес, күбөлүктүн мөөнөтү 2018-жылдын 31-декабрында соңуна чыккан.