Печать
Категория: Коом
Просмотров: 402

 

Кыргызстандан иштеп акча табуу үчүн Болгария менен Германияга кеткендердин саны көбөйүүдө. Ал эми Түркияга жол тарткандар тескерисинче азайды. 

 

Бул тууралуу Миграциялык кызматтын өкүлү Бахтияр Төлөнов маалымат жыйынында билдирди. 

 

Айтымында, ушул жылдын беш айында жеке агенттиктер жана Түркиядагы маалыматтык -кеңеш берүү борборлору аркылуу 2 миңдей адам кетишкен. 2017-жылы Түркияга багыт алган мигранттардын саны 27 миңден ашкан. 

 

Миграциялык кызматтын өкүлү мигранттардын түрк жергесине аз бара баштоосун түрк акчасы лиранын кескин ылдыйлаганына байланыштырды. Ошондуктан эми кыргыздар Болгария менен Германияга кете башташты.