5-июнда Эски аянтта Орозо айт намазы окулат. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.
Маалыматка караганда, айтка арналган иш-чара таңкы саат 06:00до башталат. Алгач бир саат дин аалымдары баян айтат. Андан соң муфтий жана расмий өкүлдөр куттуктайт. Намаз саат 7:30да окулат.