Печать
Категория: Коом
Просмотров: 344

 

 

Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина пленардык жыйында өкмөт башчыга суроо узатты: “Министрликке талапкерлерди тандоодо эмнеге басым жасайсыз? Өзүңүз тандайсызбы, же сизге сунуштап, мажбур кылышабы?”

 

“Төрт министрди мен өзүм тандадым. Кээде кеңеш алууга туура келет. Мен аларды адистик сапатына карата тандайм”, - деп жооп берди Абылгазиев.

 

 Карамушкина министрлер жоопко тартылбай эле кызматынан кетип ар кандай калпыс иштеринин жазасынан кутулушаарына нааразы болду. Пикиринде, мыйзамды бузган министрге башкача мамиле болушу керек. Өкмөт башчы кеткен министрлерди жазалаган жок. Биринчи кезекте, ал министрлерди сунуштаган фракциялар жоопко тартылышы керек.

 

Белгилей кетсек, парламент Экономика, Айыл чарба министрликтерине башчылыкка талапкерлерди карашты.