УКМКнын кызматкерлери Баткен облусунда Мамлекеттик чегара кызматынын кызматкерлери менен бирге эл аралык террористтик уюмдун согушкерлерин кармашты. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Террористтер Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз кирүүгө аракет жасашкан учурда кармалышкан.
Текшерүү учурунда 29 жаштагы Р.Б. менен 28 жаштагы Р.У.нун жанынан Калашников автоматынын огу табылган. Р.Б. МТОнун эмиссарларынын таасирине 2015-жылы кабылган. Ал учурда КМШдагы өлкөлөрдүн биринде жүргөн. Аны Сириядагы согушка катышууга жиберишкен. 2017-жылы ал Интерпол аркылуу мамлекеттер аралык издөөгө кабылган. Р.У. дагы Сириядагы куралдуу согушка катышкан. Экөө учурда УКМКнын абагына киргизилди.