Печать
Категория: Коом
Просмотров: 120

 

Депутат Тынчтык Шайназаров «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын жыйынында канча жолу айыппул төлөгөнүн айтып берди. 

 

Айтымында, ал март айында Ошко барган. Жолдо 3 жолу камерага түшүп калганын байкаган эмес. Ал ошол жерлерде камера бардыгын билбей, азырынча орнотула элек болсо керек деген ой менен жол эрежесин аз-маз бузуп да койгон. 

 

Шаарга келээри менен депутатты айыппул төлөөсүн эскерткен квитанция тосуп алган. Өзү чуркап барып, айыппулду төлөп келген. Ушуларды айткан депутат кеп соңунда "Коопсуз шаар" долбоору жакшы иштеп жатканын айтып, "жол эрежесин бузсак маичилер кечирип коюшчу, а камера менен сүйлөшө албайт экенбиз да", - деп өкүнүп да алды.