Печать
Категория: Коом
Просмотров: 5692

 

 

Өкмөт башчы Абылгазиевдин  Ысык-Көлдөгү “Акмарал” пансионатында жайгашкан  VIP шаарчанын биринчи линиясынан 2 коттеж сатып алганы айтыла баштады. Пансионат Ысык-Көл районунун Баетов айылына карайт. 

 

Маалыматтарга караганда, өкмөт башчы алган линиядагы коттеждердин  баасы $400 миңден кем болбойт. Абылгазиевдин эки коттежи ошондо 800 миң долларга жетээри анык. 

 

Маалыматты казып чыккандар, ал турмак өкмөт башчы кыймылсыз мүлктү кимдин атына каттатып койгонун да табышкан. Ал иниси Асыл Абылгазиевге жаздырган. 

 

Эгер бул маалымат чын болсо, мамлекеттик кызматта отурган Абылгазиев 800 миң долларды кайдан тапты деген суроо туулат. Кызматка келгенине бир жылдан ашып-аша элек жатып, кымбат баадагы котеждин ээси болууга чама-чаркы жетсе, демек, мамлекеттик казынаны жакшы эле тоноп, президенттин коррупцияга каршы күрөш деген ураанын жакшы эле тебелеп жатыптыр да. 

 

Жакында эле Саадат аттуу кызынын Америкадагы коллежде жылына 23 миң доллардан төлөп окута турганы ачыкталган. Алгач өкмөт аппараты премьер-министрдин кызын Бишкектеги жогорку окуу жайынын биринен билим алаарын айтышып, калп маалымат таратышкан. Кийинчерээк кыздын кайсы жерде окууру, сүрөтү, жыл сайын төлөнчү контрагы так белгилүү болгондон кийин актана берүүнү улантуу келесоолук экенин түшүнгөн аппарат "катачылык кетип калганына" төңкөрүшкөн. Коттеждер боюнча маалыматка да өкмөт аппараты чындыкты айтып жооп бербеши турган иш. Кезектеги актанууну табышаары анык.