Печать
Категория: Коом
Просмотров: 117

 

Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашкандай, бул тууралуу эки өлкөнүн чек ара мекемелеринин Наманганда өткөн жолугушуусу маалында сөз болду. Анда тараптар чек арадагы абалды жана андагы ыктымал коркунучтарды дагы талкуулашкан.

 

«Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар былтыр эки өлкөнүн чек ара макемелеринин өкүлдөрүнүн жолугушууларынын саны 21 пайызга, чек ара тилкелерин биргеликте көзөмөлдөө учурлары 20 пайызга көбөйгөнүн белгилешти. Жалпысынан өткөн жылы кыргыз-өзбек чек арасындагы мыйзам бузуулар бир топ азайган», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

 

Мурдараак Кыргызстандын Чек ара кызматы 2018-жылы өлкө чек араларында 11 жаңжал катталса, алардын жетиси кыргыз-тажик, ал эми төртөө кыргыз-өзбек чек арасына туура келгенин билдирген.