Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Руслан Казакбаев өткөн жылы өлкөгө түз инвестициянын келүүсү азайганын билдирди. Ошондой эле анын айтымында, ички инвесторлордун кызыкчылыгы корголбой жатат.
"Коӊур-Өлөӊ", "Көк-Сай" ГЭСтеринен өндүрүлүп чыккан электр кубаты мамлекет тарабынан сатылып алынбай жатат. Бул ГЭСтерди атамекендик ишкана курган. Эмне үчүн ички инвесторлор мамлекеттен зыян тартып, жапа чегиши керек?"- деди.
Депутат Тазабек Икрамов ички инвесторлордун укуктарын коргоо боюнча 2014-жылы Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын тиешелүү чечими дагы эске алынбай келе жаткандыгын белгилеп, КР Экономика министри О.Понкратовдун ички инвестициянын көлөмүн жогорулатууга же ички инвесторлордун укуктарын коргоо жаатында чараларды көрбөй жаткандыгын сынга алды.
Депутат Абдумажит Юсуров атамекендик ишкерлерге тиешелүү шарттар дагы жоктугун айтып, Өкмөт өлкөнүн инвестициялык климатын качан жакшыртат деген маселени койду.