Печать
Категория: Коом
Просмотров: 172

 

Баткен облусунда 1,8 миллион сомдук элдин керектөөсүнө ылайыкталган товар кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти. 

 

Маалыматка караганда, бажычылар «Мерседес-Бенц 412 D спринтер» үлгүсүндөгү жүк ташуучу кичиавтобусту текшеришкен. Анын салонунан жаздык тыштар, балдардын жана эркектердин футболкалары, аялдардын халаты жана ич кийимдер табылган. Товардын жалпы көлөмү 1770 кг болгон. 

 

Товар бажы мыйзамдуулугун бузуу менен алынып келатканы аныкталган. Айдоочуда товарга карата тийиштүү документ болбогон. Материалдар Ош облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилген.