Печать
Категория: Коом
Просмотров: 193


 

Экс-президент А.Атамбаевдин мактанып бүтө албай жаткан дагы бир долбоору – Түндүк-түштүк альтернативалык жолу. Буга чейин эксперттердин эсептөөсүнө таянуу менен, бул жолду куруу адаттагысынан он-он беш эсе кымбат салынып келгени айтылган. Буга албетте, коррупциялык схемалар себеп.

 

Учурда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук комитети Түндүк-Түштүк альтернативалык жолун курууга берилген гранттын колдонулушун изилдеп чыгуу талабы менен өкмөткө кайрылды.

 

ЖК депутаты, жогоруда айтылган комитеттин мүчөсү Абдывахап Нурбаев жергиликтүү басылмалардын бирине буларды айткан: “- Макулдашууга ылайык, 7 миллион доллардан ашык каражат консультативдик кызматтарга сарпталган жатат. Ошондо, эксперттердин бир айлык акысы 24 миң долларга жетиши мүмкүн. Бул эмне деген акча. Мына ушундай макулдашууга биздин Финансы министрлиги кол койгон болуп жатпайбы. Буга байланыштуу, биз комитетте өкмөт келишимдин шарттарын өзгөртүшү керек деп чечтик. Мен палатада бул маселени көтөрүп чыкмакчымын”.

 

Ачыгын айтканда, АШАнын колу тийген эмне долбоор болбосун, тазалыгына эч ким деле ишенбей калды. Бул жагын тереңден иликтесе, дагы көп кызыктар чыгаары бышык...

 

Эскерте кетсек, Түндүк-Түштүк альтернативалык жолун куруу 2014-жылы башталган. Куруу иштери ушул жылы аяктамак, бирок мөөнөт 2021-жылга дейре узартылган.

 

 

 

 

Булак: “Майдан. kg” гезити