Печать
Категория: Коом
Просмотров: 242

 

 

«Манас» аэробекетиндеги айрым бажычылар ушунчалык кыйын болуп калышыптыр, жүргүнчүлөрдүн колундагы сааттын контрафактылык буюм экенин алыстан карап туруп эле аныктап, аны чечтирип алып текшерип, алардан «бирдеме» үмүт этет экен", - деди депутат Элвира Сурабалдиева Жогорку Кеңештин жыйынында. 

 

Айтымында, Кыргызстанга күн сайын келип жаткан миңдеген туристтерге мындай мамиле жасоо туура эмес. 

 

"Бирөөнүн колундагы сааттын жасалма же жасалма эмес экенин көз болжол менен кантип аныктай алат?   Өкмөт андай «көрөгөч» бажычыларга карата тийиштүү чараларды көрүшү керек", - деди депутат. 

 

Ошондой эле ал "алакан ушаламайды" адатка айланткан жол коопсуздугун сактоо кызматынын айрым кызматкерлерине да чара көрүү зарылдыгын белгиледи. 

 

 

«Алар айдоочуларды ар кандай шылтоо менен токтотуп алышып, ичкилик ичкенин-ичпегенин аныктайм деген шылтоо менен, бир сааттык алыс жолдо жайгашкан станционардык наркологиялык мекемеге алпарам, андан көрө убара болбой ушул жерден эле «чечишип алалы» дегендей шарттарды коюшат экен. Алкоголдук ичимдикке тесттик жабдуулар алардын жанында болушу керек да. Мындай немелерди жол коопсуздугун сактоо кызматына жолотпош керек», - деп кошумчалады депутат.