Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев интернеттеги жарнамага ким тыюу салаарына кызыкты.
Монополияга каршы агенттигинин башчысы Шухрат Сабировдун айтымында, өткөн жылы интернетке алкоголдук ичимдиктерди жарнамалаган 47 ишканага эскертүү берилген.
Депутат Бекешев ал эми башка жарнамалар, мисалы казиного ким тыюу салаарын тактады.
"Казиного тыюу салынган, бирок интернетте жарнамасы жүрөт. Колдонуучуну башка сайтка өтүүнү сунуштап, ставка коюусун өтүнөт", - деди депутат.
Экономика министринин орун басары мекеме интернет-трафикти көзөмөлдөө боюнча долбоор иштеп чыкканын айтты. Ал боюнча мындай жарнамалардан салык түшөт.