Чүй облусунун Москва районунун соту Феликс Марлес Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткени белгилүү болду. УКМК ага издөө жарыяланганын билдирди.
Феликс Марлес өткөн жылдын күз айында кызматынан четтетилген. Ал пара алууга айыпталган. Соттор Кеңешинин алдындагы дисциплинардык комиссиясы аны кылмыш жооопкерчилигине тартууга макулдук берген.
Эске салсак, маалымат каражаттары аталган соттун УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматынын кызматкерлерине пара сунуштаганын жазып чыккан. УКМКнын кызматкерлери анын бир катар чыгарган чечимдерин текшерүүгө алууга ниеттенишкен.
Маалым болгондой, мурдагы сот Түркия өлкөсүнө чыгып кеткен.
Буга дейре, Октябрь райондук сотунун мурдагы судьясы Эрнис Чоткараев да Кыргызстандан качып АКШга кетип калган. Анын миңден ашуун административдик ишти жок кылып салганы айтылган.