Печать
Категория: Коом
Просмотров: 169

Анда айтылгандай, Жеңиш күнү төрт блоктогу майрам менен коштолот.

 

Саат 10.00дө Түштү дарбазада “Өлбөс полк” жүрүшү башталат. Катышуучулардын чогулчу жайы: Масалиев менен Байтик Баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде саат 9.00дө.

 

Жүрүш Байтик Баатыр-Абдырахманов жана Фрунзе көчөлөрүнөн өтүп, Жеңиш аянтына келет. Багыттын жалпы узундугу – 6,6 чакырым.

 

“Өлбөс полк” жүрүшүн оркестр, музыкалык жана бий жамааттары коштойт. Ошондой эле өрт өчүрүүчү жана тез жардам кызматы да болот.

 

Жүрүш учурунда Абдырахманов – Байтик Баатыр көчөлөрүнүн Масалиевден Фрунзеге чейинки аралыгы жабылат.

 

Саат 10.00дө Жеңиш аянтында Өчпөс отко гүл коюу менен коштолгон митинг-реквием болот. Ага президент Сооронбай Жээнбеков катышаары күтүлүүдө.

 

 Саат 11.00дө борбордогу музыкалык жамааттардын концерти болуп, согуш жылдарындагы ырлар аткарылат. Ошол жерде Башкы штаб менен биргеликте эки миң адамга талаа ашканасы тартууланып, жоокерлердин боткосу таратылат.

 

19.00дө майрамдык концерт башталат, ага орусиялык, кыргызстандык эстрада ырчылары катышат.

 

22.00дө – майрамдык фейерверк.