Бүгүн камактагы онколог-дарыгердин адвокаты маалымат жыйын өткөрүшүп, дарыгерлерге карата ачылган кылмыш иши саясий мүнөздө экенин билдиришти.
Эске салсак, "мыйзамдагы ууру" Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда бошотулушу боюнча ачылган кылмыш ишинин негизинде онколог-дарыгерлер 2 айга камакка алынышкан. Канча дарыгер кармалганын Башкы прокуратура тергөө кызыкчылыгына байланыштырып ачыктаган эмес. Бирок алардын бири Эмил Макимбетов экени белгилүү болгон.
Адвокат Анара Кыштообаеванын айтымында, кылмыш ишинин жанданышы мурдагы жана азыркы бийликтин ортосундагы пландалган акция.
"Дарыгерлер интеллигенциясы саясий дөңгөлөктүн алдында калышты. Депутат Евгения Строкованын билдирүүсүнөн кийин мурда токтотулган кылмыш иши жанданганы баарына маалым. Ал дарыгер-онколог Эмил Макимбетов менен дарыгер-диагност Ирина Цопованы шектүүдөн айыпталуучуга айлантты", - деди адвокат.
Айтымында, Макимбетовго тергөө менен иштөө сунушун киргизишкен. Ал отурган камерада 13 адам бар, арасында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү да кездешет.
"Макимбетовго басым көрсөтүшүп, сага ким буйрук берген, жогору жакта отургандардын кимисинин буйругун аткарып Батукаевге диагноз коюлду, ошону айтсаң жеңил болот деп жатышыптыр. А биз укук талаасында иштейбиз", - деди адвокат.
Она отметила, что Эмилю Макимбетову предлагали сделку со следствием.