Печать
Категория: Коом
Просмотров: 158

 

 

Казакстандын Кордай аймагындагы жол кырсыгынан Өзбекстандын үч жараны  каза тапкан. Алардын  сөөгү бүгүн мекенине жеткирилди.

 

Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин сайтында жазылды.

 

20-апрелде Жамбыл облусунун Кордай районунда жүргүнчүлөрдү ташып бараткан автобус кырсыкка учураган. Анын кесепетинен  8 казак жана 3 өзбек жараны каза тапкан. Дагы  29 жаран ар кандай жарааттарды алган.