Печать
Категория: Коом
Просмотров: 184

 

Социалдык тармактарга тараган видеодо адамдар Төө – Ашуудагы тоннелден чыгып, жөтөлүп жатканын көрүүгө болот. Аны чыгарган адам тоннелде 20 мүнөттөй болгонун, эки жактан тең машинелер келип, тыгын пайда болгонун жана адамдар тоннелдин ичинде какалып-жөтөлүп жатышканын айткан.

 

ӨКМнын маалымат катчысы Элмира Шерипова соцтармактагы баракчасына саат болжол менен 17:30да тоннелдин ичинде бензовоз күйө баштаганын жазды. Өрттүн келип чыгуу себеби белгисиз. Бензовоз бир нече убакыт бир ордунан жыла алган эмес, бул эки жактагы машинелердин топтолуп тыгып жаралуусун шарттаган.


ӨКМнын нөөмөттөгү куткаруучулары айдоочулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүздү, жүргүнчүлөрдү тоннелдин ичинен алып чыгышты. Тазалагандан кийин сапардагылар сапарын уланта алышат. Кырсыктын курмандыктары жана жабырлануучулары жок.