Печать
Категория: Коом
Просмотров: 143

 

Чет өлкөлөрдүн түрмөлөрүндө 1 880 кыргызстандык жаза мөөнөтүн өтөп жатат. Бул тууралуу парламент жыйынында башкы прокурор билдирди.

 

“Россияда 1054, Казакстанда 200, Кытайда 18, Германияда 14, Түркияда 8 кыргыз жарандары  түрмөдө отурушат. 124 адам жаза мөөнөтүн Кыргызстанда өтөө үчүн экстрадацияланды”, - деди Өткүрбек Жамшитов.