Печать
Категория: Коом
Просмотров: 262

 

Парламенттик коалицияны түзүү тартибин өзгөртүү сунушталды. “Өкмөт тууралуу” конституциялык Мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү депутат Айнуру Алтыбаева демилгеледи.

     

Демилгечинин айтымында, мыйзамдагы 6- берене - “Коалициялык макулдашуу” өзгөртүлөт. Учурдагы мыйзамда коалицияга кирүү жана чыгуу чечими лидер тарабынан фракциядагы жалпы депутаттардын үчтөн экисинин макулдугу менен кабыл алынат. Чечим токтом менен тастыкталат.

 

 Ал эми сунушталып жаткан вариантта фракция лидеринин чечим кабыл алуусу жокко чыгарылат.

 

 Коалицияга кирүү жана чыгуу фракциянын депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экиден кем эмеси макул болгон учурда гана кабыл алынат. Чечим токтом менен тастыкталып, фракциянын ар бир мүчөсү кол коет.