Печать
Категория: Коом
Просмотров: 188

 

Бишкек мэриясы “Алга” курама командасынын футболисттерин Кыргызстан Кубогундагы жеңиши үчүн сыйлады. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

 

Маалыматка караганда, команда тарыхта биринчи жолу Кыргызстан Кубогун жеңип алды. Жеңүүчүлөргө 200 миң сомго сертификат тапшырылды.

 

 

Команданын башка тренери Канимет Аралбаевге ардак громатасы ыйгарылды.

 

Эске салсак, Кыргызстан Кубогу Бишкекте 20-21-мартта өткөн. Алдын ала этапта 100гө жакын команда ат салышкан. Финалдык этапка  Мурас (Ыссык-Көл),  Эрем (Ош), Строймир (Бишкек) жана «Алга-Бишкек»  МФК чыккан.