Печать
Категория: Коом
Просмотров: 160

 

Бишкек шаардык кеңеши бала бакчанын имаратында жайгашкан дене тарбия башкармалыгын башка жакка көчүрүнүү талап кылды.

 

Депутат Адиса Имангазиеванын айтымында, шаардыктар бала бакча жетишпегендиктен группаларга балдар нормадан ашык кабыл алынып, акыбалы кейитээрлик экенин айтып даттанышкан.

 

“Ошол эле убакта дене тарбия башкармалыгы бала бакчанын имаратын ээлеп отурат”, - деген депутат башкармалыкты “Газпром” ден соолукту калыбына келтирүү комплексине көчүрүүнү  сунуштады.

 

 Буга дейре шаардык кеңештин депутаттары реабилитациялоо борборун жаап, ал жерде тарбияланып жаткан балдарды башка жакка которуп, ал эми имаратты бала бакчага айлантуу демилгесин көтөрүшкөн. Бирок, бул үчүн грант каражатына курулган  жабык футбол талаасын жок кылууга туура келип калаары токтоткон.