Печать
Категория: Коом
Просмотров: 172

 

 

КСДП тарабынан таратылган Фарид Ниязовдун ИИМге жазган ачык катында милиция кызматкерлеринин демилгеси менен министрликке жаран Максат Чегирткеев алынып келиниши, жана ага 2010-жылдын 6-7–апрелинде каза тапкандардын жана жабыркагандардын үй-бүлөсүн социалдык жактан коргоо боюнча Мамлекеттик комиссиясы тарабынан дарыланууга бөлүнгөн эки жүз миң сом өлчөмүндөгү акча каражаты боюнча арыз жазууну сунушташы мүмкүн болушу көрсөтүлгөн.

 

Бул тууралуу ИИМден билдиришти. 


Андан сырткары, материал Башкы тергөө башкармалагына жиберилип, тергөөчү жогоруда айтылган Мамлекеттик коммиссияга тиешеси бар жактарды суракка алууга чакырып баштаганы, муну саясий буйрутма катары саноо керектиги жана ИИМдин кызматкерлерин аткарууну талап кылышкандыгын билдирген.


Ушуга байланыштуу, ички иштер министрлиги Фарид Ниязовго карата ИИМ тарабынан саясий куугунтук тууралуу сөз да болушу мүмкүн эместигин билдирет. Фарид Ниязовдун арызы боюнча укук коргоо түзүмү өз позициясын билдирүү менен жаран Максат Чегирткеевдин арызы калыс иликтене тургандыгын маалымдайт.


Ал эми, 2019-жылдын 19-март күнү (www.nazarnews.kg/news) интернет порталында Апрель окуясынын баатыры, "Айкөл Ала-Тоо Жаштар" коомдук бирикмесинин мүчөсү Максат Чегирткеевдин интервьюсу жарыяланып, анда ал “Ошол бийликте турган кеңешчиси Фарид Ниязов кызмат абалынан кыянаттык кылып, даарыланууга деген акчаны майып баладан алып койгон”, башкача айтканда өзүнүн интервьюсунда 2010-жылдын 6-7–апрелинде каза тапкандардын жана жабыркагандардын үй-бүлөсүн социалдык жактан коргоо боюнча Мамлекеттик комиссиянын төрагасы Фарид Ниязов кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланганын билдирген. Максат Чегирткеев аталган маалымат сайтына  интервью бергенден кийин Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматына кайрылган.


Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 151-беренесине ылайык, сотко чейинки өндүрүштү ишке ашыруучу органдар ар кандай жасалган же даярдалып жаткан кылмыш жана (же) жасалган жорук жөнүндө арызды же билдирүүнү кабыл алууга, каттоого жана карап чыгууга милдеттүү. Кылмыш жөнүндө арызды же билдирүүнү кабыл алуудан жана каттоодон баш тартууга жол берилбейт жана бул мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке алып келет.


Андан сырткары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 2018-жылдын 21-декабрь күнү №602 сандуу токтому менен бекитилген Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри жөнүндөгү жобосуна ылайык, Сот, прокурор, тергөөчү, алгачкы текшерүү органы же алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу адамы же текшерүү органы тарабынан аныкталган, жасалган же даярдалып жаткан, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдырылган кылмышты же жорукту ырастай турган жагдайлар тикелей табылган учурда аталган жагдайларды аныктаган жак рапорт түзөт, ал маалыматты каттоо журналында катталууга тийиш.


Сотко чеинки өндүрүш боюнча азыркы учурда ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Максат Чегирткеевдин арызында көрсөтүнгөн жагдайларды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.