Печать
Категория: Коом
Просмотров: 146


26-мартта Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев Ош шаарындагы Ош мамлекеттик университетинин Бизнес жана Менеджмент факультетине барып, окуу жайдын эмгек жамааты жана студенттери менен жолугушту.

 

Жолугушууда билим берүү, экономика, бизнес чөйрөсү, мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат тууралуу сөз болуп, окутуучулардын жана студенттердин катышуусунда кеңири талкууланды.

 

Студенттер өз кезегинде эл өкүлүнө кызыккан суроолорун узатышып, тиешелүү жоопторун алышты. Ошону менен катар депутат Абдывахап Нурбаев аталган окуу жайдын эмгек жамаатына билим берүү тармагын өнүктүрүүдө жана адамдык ресурсту чыңдоодо жаштарга татыктуу билим берип келгендиги үчүн ыраазычылыгын айтты. Ал эми студенттерге келечекте мыкты кадр болуп калыптануусу үчүн өзүнүн тажрыйбасы жана баалуу кеңештери менен бөлүштү.

 

Эске салсак, депутат Абдывахап Нурбаев аймактарда эл менен жолугушуу максатында Ош шаарында жүрөт. Сапардын алкагында билим берүү мекемелеринен кабар алып, аймактагы ишкерлер жана жергиликтүү эл менен жолугушууда.