Печать
Категория: Коом
Просмотров: 266

Бул жөнүндө Ош-Баткен аңчылар коомунун тескөөчүсү Улукбек Сейдалиев кабарлады. Маалыматка караганда, жырткычтарды жок кылуу максатында жүрүп жаткан атайын рейд мындан ары Ош облсунун бардык райондорунда дагы улантылат.

 

Бул иш-чараны Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин Оштогу жетекчисинин орун басары Турат Сатимбаев өзү жетектеп атат. - Жырткычтар соңку тапта айыл чарбасына жана коен, суур, кекилик, кыргоол сыяктуу жапайы жаныбарларга кесепетин тийгизип жаткандыктан ушундай рейд уюштурулду. Буга жыйырмадан ашык мергенчи катышып, жалпысынан он чөө жайланды,- деди Ош-Баткен аңчылар коомунун тескөөчүсү Улукбек Сейдалиев.

 

Айтмакчы, карышкырларды жана чөөлөрдү аткандарга сый акы дагы белгиленген. Карышкырдын дөбөтү жана канчыгы үчүн - 6000 сом, а бөлтүрүгү үчүн - 1500 сом, а чөө үчүн - 2000 сом төлөнөт.

 

Эске салчу жагдай: жырткычтарды жок кылуу иш-чарасы Кыргыз Өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-февралындагы № 89 “Кыргыз Республикасынын аймагында карышкырлардын жана чөөлөрдүн санын жөнгө салуу жөнүндө” токтомунун негизинде гана жүргүзүлүп жатат.

 

 

 

Булак: “Майдан. Kg” гезити