Печать
Категория: Коом
Просмотров: 120

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Чүй облусуна жумуш сапарынын алкагында Ысык-Ата районунда жазгы-талаа иштеринин жана каналдарды мелиоративдик тазалоонун жүрүшү менен таанышты.

 

Өкмөт башчы Чыгыш Чоң Чүй каналын тазалоонун жүрүшү, Бирдик айылындагы «Чумыш» каналынын жээгин бекемдөө иштери, ошондой эле Ысык-Ата районунун Сын-Таш айылындагы суу сактагычтагы тазалоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.

 

Премьер-министрге сугат каналдарынын сапаттуу ишин камсыздоо үчүн республика боюнча мелиоративдик иштерди уюштуруу тууралуу маалымат берилди.

 

Мухаммедкалый Абылгазиев ошондой эле жазгы-талаа иштеринин аткарылышы менен таанышып, айыл чарба техникасын көрүп чыкты жана жергиликтүү фермерлер жана дыйкандар менен маектешти.

 

Дыйкан чарбалардын өкүлдөрү Өкмөт башчыга айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүү пландары, заманбап айыл чарба техникасын сатып алуу жана пайдалануу, ошондой эле продукцияларды сатуудагы кыйынчылыктар тууралуу айтып беришти.

 

Мындан тышкары аграрийлер айдоо жерлерин ири ийгиликтүү дыйкан чарбалардын, ошондой эле жергиликтүү калктын кызыкчылыгында кыйла натыйжалуу пайдалануу жөнүндө Премьер-министр менен ой бөлүшүштү.

 

Мухаммедкалый Абылгазиев тиешелүү мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү бийликке айыл чарба өндүрүүчүлөрүн колдоо, анын ичинде жаңы финансылык каражаттарды киргизүү, инвестицияларды тартуу, дыйкандарга жеңилдетилген насыя берүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү жана лизингдик программаларды ишке ашыруу боюнча чараларды күчөтүүнү тапшырды.

 

Өкмөт башчы ошондой эле фермерлерди КММ, үрөн, жеткиликтүү насыя жана техника менен камсыздоо маселелерин ыкчам тартипте чечүүнү милдеттендирди.

 

Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, айыл чарбасын жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү боюнча милдеттерди натыйжалуу аткарууну талап кылды.

 

Премьер-министр ошондой эле атамекендик фермерлерге «Айыл чарбасын каржылоо -7» долбоорунун алкагында жеңилдетилген насыя алуунун кеңири мүмкүнчүлүгү тууралуу эскертти.