"Көп жылдардан бери чечилбей келген «Коопсуз шаар» долбоору иштей баштады. Эми ушуну менен эле чектелип калбай, чакан «Коопсуз шаар» долбоорунан ири «Коопсуз Кыргызстан» долбооруна өтүүгө тийишпиз", - деди депутат Айнуру Алтыбаева Жогорку Кеӊештин жыйынында.
«Эми биз облустук маанидеги шаарларга да видеожабдууларды орното башташыбыз керек. Мында биринчи кезекте атамекендик компанияларды тартуу зарыл. Өкмөт аларга жардам иретинде республикалык бюджеттен ссуда берүү мүмкүнчүлүгүн караштырып көрсө, андан да жакшы болмок», - деди депутат.