Печать
Категория: Коом
Просмотров: 183


Бул жыйында Баткен облустук Аксакалдар Кеңешинин төрагасы Туйгун Жолдошев, облустун казысы Пазыл ажы Султанмуртов, Эмгек сиңирген мугалим Гапыр Мадеминовдор сүйлөшүп, каада-салттагы ашыкча ысырапкерчиликти кыскартууда аялдардын орду абдан чоң экендигин баса белгилешип, ашыкча чыгымдарды кантип кыскартуу боюнча дагы бир топ сын-сунуштарын айтышты.

 

Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Чынар Саттарова өз сөзүндө аялдар Кеңештерин облустун аймагында бул демилгени жүзөгө ашырууга такай көмөктөшүүгө чакырып, каада-салтыбызга таптакыр төп келбеген жорук-жосундарды жоюу боюнча түшүндүрүү жараянын мындан дагы күчөтүү зарылдыгын кыйытты.

Ал эми жыйындын катышуучулары Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн каада-салттагы ашыкча ысырапкерчиликти кыскартуу боюнча демилгесин кош колдоп кубатташаарын, ошондой эле жер-жерлерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө түздөн-түз көмөктөшөөрүн дагы ачык билдиришти. Антишпесе, каран калгыр атаандаштык, куру намыс, той-аштарды байма-бай өткөрүү менен элибиз орду толгус чыгымдарга учурап, кедейликтин сазына биро-толо батып бараткандыгы дагы баса айтылды.

 

Айтмакчы, Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, Баткен облусунун коомчулугу, жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жалпы кыргызстандыктарга, каада-салттагы ашыкча чыгымдарды кыскартуу боюнча дагы буга дейре атайын Кайрылуу дагы жолдошкон.

 

 

 

 

Алишер Токсонбаев

Булак: «Майдан. kg» гезити