Эртең, 6-мартта КТРКнын башкы директору дайындалат. Эреже боюнча, башкы директорлукка Байкоочу кеңештин сынынан өткөн талапкер бекитилет.
Коомдук каналды башкарам деген дымактуулар бизде абдан көп экени белгилүү болду. Талапкерлерге маарып эле жатып калдык. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибрагим Нуракун уулу, журналист Галина Байтерек жана НТСтин мурдагы башчысы Жайнак Үсөновдун талапкерлиги коомчулукта көп аталууда.
Талапкерлер арбын болгону менен жогору жак эчак эле кимди дайындаарын чечип койгону айтылып жатат. Айрым маалыматтарга таянсак, Жайнак Үсөн уулу КТРКнын башчылыгына дайындалат. Бул эчак чечилген маселе. Үсөновдун Өмүрбек Бабановдун кадры экенин баары билишет. Президенттик шайлоодо Жээнбековдун башкы атаандашы Бабанов болгон. Теледебатта коррупция менен күрөшүүнү биринчи Бабановдон баштаарын да айтып демиткен болчу. Демиткенине караганда, анын мыйзамга каршы иштерин билген да. Эми минтип башкы атаандашынын кадрын мамлекеттеги башкы телеканалга алып келгени жатат. Жайнак Үсөнов аны президент колдоорун ар бир бурчта айтып мактанып келет.
Бул эки саясатчынын бирин бири кечиришип, жарашканынын белгисиби?