Печать
Категория: Коом
Просмотров: 124

 

“Атамбаевсиз КСДП” кыймылынын лидери Сагынбек Абдрахманов эмнеге Атамбаев менен жолугууну каалабай турганын маалымат жыйынында айтып берди.

 

“Экс-президент жолугушуп, сүйлөшүп, бардык маселелерди чечип алууну бир нече жолу сунуштаган. Бирок, анын биздин кыймылдын мүчөлөрүн кандай сөздөр менен урушуп, дарегибизге кандай сын айтканы эсимде, ошондуктан барбадым”, - деди Абдрахманов.

 

Ал артка жол жок деп белгиледи. Айтымында, эми анын экс-президент менен жолугушууга такыр ниети жок.

 

Ал айткандай, кыймылдын сьездин өткөрүү күн белгилене элек. Ошондой эле, КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов жөнүндө мындай деди:

 

“Аны менен бир нече жолу жолугушуп, саясий кеңештин мүчөсү катары сьезд чакырып берүүсүн сурандым. Бирок, Өмүркулов чечкинсиз. Күндүз биз менен экендигин айтса, түнү башкача ойлонобу, билбейм”.