Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, уурулукка шектелип кармалгандар өзбек жарандары.
«Текшерүү маалында алардын жанынан уурдалган зер буюмдары табылган. Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалгандар Ички иштер министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгына өткөрүлүп берилди», — деп жазылган билдирүүдө.