Печать
Категория: Коом
Просмотров: 186

Бул тууралуу шаар мэриясынан тиешелүү буйрук чыккандыгын шаар мэриясынан билдиришти.

 

Алынган маалыматка караганда, шаар мэриясынын аталган буйругу менен бир айлык акция убагында аткарылуучу иш-чаралар планы бекитилген.

 

Анда шаардык кургак учукка каршы күрөшүү диспансери жана шаардагы үй-бүлөлүк дарыгерлер топтору тарабынан аткарылуучу иш-чаралар аныкталган. Үйлөрдү кыдыруу жана эмгек жамааттарына баруу менен ооруну эрте аныктоо аракеттерин көрүү жагы тапшырылган. Ошондой эле жогорку окуу жайларында, кесиптик лицейлерде жана жалпы билим берүүчү мектептерде түшүндүрүү-агартуу иштерин жүргүзүү, калк арасында ар кандай иш-чараларды өткөрүү каралган. Андан тышкары, бул багытта мыкты аракеттери менен өзгөчөлөнгөн медицина кызматкерлерине сый-урмат көрсөтүү жагы да унутта калбайт.    

 

Эскерте кетсек, бул иш-чара 24-мартта белгиленүүчү Кургак учукка каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата мерчемделген. Тээ 1882-жылы ушул күнү немис микробиологу Роберт Кох кургак учук оорусун козгогучтарды тапканы тууралуу жарыяланган жана ал 1905-жылы Нобель сыйлыгын алган. Ал эми 1982-жылы Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жана Кургак учук жана өпкө ооруларына каршы күрөшүүнүн эл аралык союзу тарабынан бул күн ушул ылаңга каршы күрөшүү күнү деп табылган. Ал эми 1993-жылы Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму кургак учукту ири масштабдагы улуттук кесепет катары баалап, 24-мартты кургак учукка каршы күрөшүү күнү деп жарыялаган. Бул чечим 1998-жылы Бириккен Улуттар Уюму тарабынан колдоо тапкан.