Коомдук каналдын башкы директору Илим Карыпбеков экинчи мөөнөткө барат. Бул тууралуу ал соцтармактагы баракчасына жазды.
Айтымында, ал сынакка катышууга ниети болгон эмес, бирок эмгек жамааты сурангандыктан, жетекчи катары баш тарта албаган.
КТРКнын байкоочу кеңешинин катчылыгына каналдын башкы директору болууну каалаган төрт адамдан арыз келип түшкөн. Алардын аттары азырынча белгисиз, конверттер саат 5те ачылат.
Белгилей кетсек, буга дейре Илим Карыпбеков маалымат каражаттарына берген маектеринде эч убакта экинчи мөөнөткө барбашын так кесе билдирип келген.