Печать
Категория: Коом
Просмотров: 960

 

Бүгүн, 12-февралда саясий куугунтукка кабылып, абакта жаткан саясатчылар Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров эркиндикке чыгышты. Аларды тарапташтары тосуп алышты. 

 

 

 

Асанов менен Кадыров 2016-жылы март айында "бийликти күч менен басып алууга аракеттенген" деген айып менен камакка алынышкан. Оппозициялык маанайдагы саясатчылардын үстүнөн козголгон кылмыш иши атайын жасалганы белгилүү болгону менен сот аларды 12 жылга эркинен ажыраткан. Алар эми мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотулушту.