Печать
Категория: Коом
Просмотров: 112

 

Көзү азиз акын Темирлан Ормуковго карата ачылган кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу акын өзү билдирди.

 

Айтымында, депутат Дастан Бекешев арызын алып, доо артуудан баш тарткан.

 

Бирок, акын Бишкек шаардык сотуна арыз менен кайрылат. Анткени, Октябрь райондук соттун чечимине макул эмес.

 

“Мен райондук соттун чечимин туура эмес деп эсептейм. Анын негизинде мен кылмыш жоопкерчилигине тартылган бол

уп калдым. Сот кылмыш ишин кылмыш курамынын жоктугуна байланыштуу токтотушу керек”, - дейт Ормуков.