Чүй облустук соту Токмоктогу №2 психоневрологиялык интернаттын экс-директору Курманкул Жумалиевдин мыйзам алдындагы жазасын жеңилдетүү менен чечим чыгарды. Ал жана анын пикирлештери адам сатууга айыпталып, соттолушту.
Бул тууралуу Жогорку сот билдирди.
2013-жылы Курманкул Жумалиев өзү жетектеген психоневрологиялык интернатта жашап жаткан эки майыпты Азамат аттуу адамга 1000 долларга саткан. Өз кезегинде сатып алган адам аларды Россияга чыгарып кеткен. 1966-жылы жана 1989-жылы төрөлгөн эки майып аялга Москвадан иш таап берүүнү убада кылышкан, бирок Россияга барышкандан кийин сатып алышканын, эми алар жер өткөөлдөрдө кайыр суроолору керектигин билишкен. Аялдар качып кетишип, милиция жана кыргызстандык бийлик менен байланышууга мүмкүнчүлүк алышкан. Андан кийин аялдар мекенине кайтып келишкен.
Жумалиевдин өкүлү анын аялдарды кайыр суратууга алып кетишкенин билбегенин айтты. Азамат жана анын апасы аялдардын туугандарыбыз дешип, Москваны көрсөтүп келебиз гана дешкен.
Аламүдүн райондук соту Жумалиевди 10 жылга эркинен ажыратып, жаза мөөнөтүн күчөтүлгөн тартиптеги абактан өтөөгө жана үй-мүлкүн конфискациялоого чечим чыгарды. Анын бул кылмышка чогуу барган пикирлештери да жылдан жаза мөөнөтүн алышты, алардын да үй-мүлкү конфискацияланат. Андан тышкары Азамат 30 миң сом өлчөмүндөгү айыппул төлөйт. Үчөөнүн тең жаза мөөнөтү амнистияга ылайык үчтөн бир бөлүккө кыскартылды.