Печать
Категория: Коом
Просмотров: 141

 

Экс-президент жакында Араб өлкөсүнө эс алууга үй-бүлөсү менен жөнөп кетти. Ага дейре, Атамбаев партиянын иштеринен бир аз сергип келүүгө Индияга эс алууга бараарын КСДП жарыя кылган. Бирок, Индияга сапар токтотулуп, экс-президент Бириккен Араб Эмиратына кетти. 

 

Анын саякатка кеткени маалым болоору менен экс-мэр Нариман Түлеев соцтармактагы баракчасына билдирүү калтырды. 

 

"Санаалаштары абакта жатканда саякаттап жүргөнүнө жол болсун. Менин санаалаштарым да абакта жаткан, бирок мен анда алар чыккыча бир кадам да жылган эмесмин", - деген мазмунда жазган экс-мэр Атамбаевди сөз менен чымчыганга аракеттенген. 

 

Мындан улам КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина Түлеевди "эркек сыягы жок" деп атады. Депутат пикирин "vb. kg" сайтына билдирген. 

 

"Атамбаев эс алууга акылуу. Айрыкча, мурдагы санаалаштары сатып кеткенден кийин мээ сергитиши керек. Ал эми Түлеевдин айтканы боюнча, жумшак айтканда мен анын ар бир жагдайда шылтоо таап, Атамбаевге тийишип алгысы келээрин байкадым. Бул анын начар кыялын билдирет. Себептүү жана себепсиз тийише бермей Түлеевдин эркек сыягы жоктугун билдирип турат. Атамбаевдин санаалаштарынын үстүнөн болуп жаткан сот иштери заказдык мүнөздө экенин баары билишет", - деген Карамушкина. 

 

Нариман Түлеев Атамбаевдин бийлик учурунда мамлекетке зыян келтирген деген айып менен соттолгон.