Печать
Категория: Коом
Просмотров: 169

 

Санкт-Петербург шаарындагы Невский районунун полициясы дайынсыз кеткен Кыргызстандын жаранын издөөгө алышты. Аял төрт баласы менен чогуу табылбай жатат. Алардын жоголгондугун полицияга үй-бүлөнүн ээси кабарлаган. 

 

27-январда полицияга Кыргызстандын 36 жаштагы жараны кайрылган. Маалыматтарга караганда, ал жеке кайтаруу фирмасында иштейт. Кайрылуучу 33 жаштагы аялы төрт баласы менен үйдөн бир күн мурда чыгып кетип, ошол бойдон кайрылбаганын айткан. Балдары -  6 жаштагы уулу, эки, төрт жана тогуз жаштагы кызы. 

 

Ошондой эле ал аялы үйдөн 50 миң сом жана документтерди алып кеткенин билдирген. Эркектин айтымына караганда, буга чейин аялы үйдөн чыгып кабарсыз кеткен эмес жана акыркы кездерде алардын ортосунда уруш-талаш болбогон.