АТА-ЭНЕСИ АК БАТАСЫН АЯШПАДЫ...
Үч жыл катары менен “Мыкты бөлүм” наамын колдон чыгарбай келе жаткан Араван райондук ички иштер бөлүмүнө жай айында иш сапар менен барып, аткарылып жаткан иштер тууралуу жазып кеткен элек. Анын ичинде криминалдык милиция кызматынын ишмердүүлүгү менен да жакындан таанышып, аталган кызматтын башчысы Айбек Абдиев менен маектешкенбиз. Криминалдык милиция кызматы дегенибиздин да жөнү бар, анткени райондун аймагындагы кырдаалды туруктуу сактоодо, кылмыштуулукка бөгөт коюуда дал ушул кызматтын ролу чоң. Биз сөз кыла турган жигит да аталган кызматтын күжүрмөндөрүнүн бири.
Медетбек тууралуу жазаардын алдында ал туулуп өскөн Мангыт айылына барып, үй-бүлөсү менен тааныштык. Төрдүн көркү болгон Медетбектин ата-энеси-Раимбек ата менен Бурулкан апа келген жайыбызды угушкан соң ыраазы болушуп, ак баталарын аяшпады. Ушул жерде Медетбектин атасы Раимбек аксакал тууралуу айта кетпесек болбостур. Раимбек ата аскердик милдетин өтөп келген соң, турмуштун кыйынчылыгына карабай Фрунзедеги политехникалык институтка тапшырыптыр. Окуусун бүтүп келип өзү туулуп өскөн райондо агроном болуп эмгек жолун баштап, кийинки жылдары Араван, Ноокат райондорунда көп жылдар бою агроном, совхоздун директору ж.б. жооптуу кызматтарда эмгектенип жүрүп, ардактуу эс алууга чыгыптыр...
...Биз менен маегинде Медетбек балалыгы, милицияга келип калгандыгы тууралуу сөз баштады. Кезинде биздин жигит айылдын чаңын асманга чыгара сапырып ойногон, атаман боломун деп алдынан чыккан теңтуш балдар менен мушташып жүрүп чоңойгон бала болуптур. Тентектиги чегинен ашкан Медеттин бой тартканы тез токтолгонун айылдаштары эмгиче айтып калышат экен. “Кичине кезимден баштап эле милиция боломун деп калчумун,-дейт кесиби тууралуу ой-толгоолорун бөлүшкөн каарманыбыз,-ал кыялымды чогуу окуган айылдаш балдарым да билчү. Атам өзү билимдүү, жетекчи кызматтарда иштеген адам болгондуктан, менин тандагам кесибиме абдан олуттуу мамиле жасап келет. Ошентип айылымдан чыккан биринчи милиционер болуп калдым...”
“ӨЗҮБҮЗДҮН БАЛДАРДАЙ ЖАКШЫ ЖИГИТ ЭКЕН...”
Ички иштер органдарындагы эмгек жолун Медетбек Азимбеков 2006-жылы турмуштун чоң мектеби болгон кайгуул-күзөт кызматынан баштаптыр. Жандан өткөн катуу суукта, жайкы аптапта дайыма кайгуулга чыгып, көчөдөгү коомдук тартипти сактоого өз салымын кошкон кызматкер ал жерде беш жылга жакын кызмат өтөйт. Милициянын ишин ийне-жибине чейин өздөштүрөт, үйрөнөт, көзү каныгып, кандай көйгөй болбосун анын чече билүүгө аракет жасайт. Жыл өткөн сайын тажрыйбасы артып, өзүн мыкты кызматкер катары көрсөтө алат. Ал арада ИИМдин Академиясын сырттан окуп бүтүрүүгө жетишет. Албетте, мындай кызматкерлер көмүскөдө калбайт эмеспи, М.Азимбековго көп узабай жаңы жооптуу милдет тагылып, алыскы Кара-Кулжа районуна аймактык тескөөчү кылып дайындашат. Башка район, баары тааныш эмес адамдар. Медетбек жаңы кызматында алгач кыйналганы менен, бара-бара иштин көзүн таба билет. Эл менен сүйлөшүүнүн, сырдашуунун жолдорун изилдеп, колунан келишинче жардамын аябайт. Дал ушул кызматта жүргөндө кайгуул-күзөт кызматынан алган тажрыйбасы, үйрөнгөн нерселеринин пайдасы абдан тийет. Токтоо аймактык тескөөчүнү эл да кыйлага сынап, электен өткөрүшөт, акыры “өзүбүздүн балдардай жакшы жигит экен” деп калышат. Элдин ишенимине ээ болгондон артык эч нерсе жоктур, Медетбек ошентип кызматын абийирдүүлүк менен аткарып жүрүп олтурат.
“БИЗДИН МИЛИЦИЯ БАЛА”...
Мындан төрт жыл илгери милициянын ага лейтенанты М.Азимбеков Араван РИИБдин Криминалдык милиция кызматына которулуп, бүгүнкү күнгө чейин иштеп келүүдө. “Менин иштөө багытым уурулуктун, алдамчылыктын алдын алуу, ага бөгөт коюу. Жыл башынан бери бир далай уурулуктун бетин ачтым. Былтыр да өзүмдүн линиямдан сырткары оор кылмыш иштерин ачууга чоң салым коштум..”,-дейт милициянын ага лейтенанты.
Кесибин жан дилден сүйүп, форманы сүйөө билүү керектигин айткан маектешим эл менен болгон мамилени бекемдөө үчүн ар бир арыз-даттанууга кылдат мамиле жасап, аларды өз убагында так чечүү зарылдыгын айтат. “Форманы кийгенден кийин башка адамдарда үлгү боло алгыдай өзүңдү алып жүрүү керек, анткени биз мыйзамдын, адилеттүүлүктүн жактоочуларыбыз,-дейт М.Азимбеков кесиби жөнүндө,- менин үйүмө чейин айылдаштарым келип юридикалык жактан түшүнбөгөн суроолорун берип турушат, албетте, алардын ар бирине түшүнүктүү кылып жооп бергенге аракет кылам. Айылдаштарымдын мени “биздин милиция бала” деп сыймык менен аташканы мени дагы далай бийиктиктерди багындырууга үндөп тургансыйт, эмгегимди элиме арнай бермекчимин... ”
...Маегибиз соңуна чыгып, сыртка чыксак караңгы кирип кетиптир. Мангыт айылынын “милиция баласы” биз менен коштошкон соң, катталган кылмыш иштери боюнча жагдайларды текшерүү үчүн кызматына аттанды. Ак жол сага, Медетбек!
“Майдан. kg” гезити