Печать
Категория: Коом
Просмотров: 112

 

Экс-депутат Дамирбек Асылбек уулу Алматыда өткөн сот отурумунда айыбы жоктугун айткан. Бул тууралуу депутат Руслан Чойбеков билдирди. 

 

Айтымында, сот айыпталуучуларга сурак кылган. Алардын баары мурда Дамирбек Асылбек уулун көрүшпөгөнүн айтышкан. Дагы бир айыпталуучу Есбол Жапасов аны сабашкандыктан экс-депутатка каршы көрсөтмө бергенин моюнуна алган. 

 

Ал эми экс-депутат өзү эч качан улуттар аралык кылмыштуу топко катышпаганын жана аны башкарбаганын айтып, бул иш саясий мүнөзгө ээ экенин билдирген. 

  

Дамирбек Асылбек уулу Казакстанда өткөн жылдын февраль айында кармалган.