Печать
Категория: Коом
Просмотров: 108

 

Маалыматка караганда, Арал айылдык кеңешинин депутаты Жалал-Абад шаарындагы №10-Жаза аткаруу мекемесине маңзат алып кирип бара жатканда дароо токтотулуп, акыры тинтилди.

 

- Мекеменин кызматкерлери аны токтотуп, анан гана дыкаат текшеришкенде, кийип жүргөн кийиминен кургатылган анаша табылды,- дейт Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын өкүлү. - Бул фактынын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза Кодексинин 247-беренеси (“Маңзат каражаттарын, психотроптук заттарды, прекурсорлорду башкага берүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, ага тете эле мыйзамсыз өндүрүү, же берүү”) менен кылмыш иши козголду.

 

Шектелүүчү ушул тапта үй камагына алынып, тергөө амалдары башталды.

 

 

 

“Майдан. kg” гезити