Печать
Категория: Коом
Просмотров: 142

​​​​​​​


Маалыматта учак жүргүнчү ташуучу учак болбогондугу айтылууда. Ал Бишкектен Иранды көздөй багыт алган. Анда жалпы 16 экипаждын мүчөсү болгон.

 

Ал эми “Манас” аэропорту кырсыкка кабылган учак  14-январь күнү эртең мененки саат 07:16 учкандыгын, ошондой эле учак Кыргызстанга тийиштүү эместигин билдирди.

 

Иран маалымат каражаттарынын билдирүүсүндө, Кант шаарында даярдалган 30 тонна кой этин “Манас” аэропортунан жүктөп, абага көтөрүлгөн аскердик жүк ташуучу самолет  Ирандын Караж шаарына бет алган. Бирок, “Паям” аэропортунун ордуна адашып, “Фатх” аэропортуна конуп жатып, учкуч самолетту башкара албай калган кезде кырсыкка учураган. Фатх аэропортунун жетекчилери, учкуч самолетту башкара албай, конуу сызыгынан чыгып кетип, аэропорттун дарбазаларына, андан соң жакын жашаган шаарчаны карай сүзүп кирип кеткенин кабарлашты. Ошол эле күнү ирандык куткаруучулар каза болгон 15 экипаж мүчөлөрүнүн денесин табышты. Бир гана киши - борт-инженер тирүү калып, ал азыр Тегеран ооруканасында дарыланууда.

 

Мындан мурда да, 2008-жылы Бишкек-Мешхед-Тегеран багытында абага көтөрүлгөн жүргүнчүлөрдү ташуучу учак Сокулук районунун аймагына кулап түшкөн болчу. Ошондон бери эки өлкөнүн ортосундагы аба каттамы токтоп калган.

 

Дагы бир белгилей кетүүчү жагдай, 14-январда кулаган самолет “Манас” аэропортунан май куйган эмес жана техникалык жактан тейлөө кызматын колдонбогон.

 

 

“Майдан. kg” гезити