Печать
Категория: Коом
Просмотров: 87

 

 

Мындан улам, Кыргызстанда айдоочулар милдеттүү түрдө автоунаасын камсыздандыруусу керек.

 

Мыйзамга баш ийбегендерге 3 миң сом өлчөмүндө айыппул салынат. Камсыздандыруунун төлөмү автоунаанын түрүнө, көлөмүнө жараша 1680 сомдон 13 миң сомго чейин болоору айтылууда.

 

Кыргызстанда 2 жыл башта жарандар автоунаасын милдеттүү түрдө камсыздандырып үлгүрүп калышы керек, болбосо аларга мамлекеттик айыппул салына баштаары кабарланган болчу. Айыппулдун көлөмү анын камсыздандыруу төлөмүнө барабар экени да айтылган. Бирок бул мыйзам кайсы бир себептер менен ал кезде иштеген эмес.

 

Кыргызстанда жалпысынан бир миллиондон ашуун автоунаа каттоодо турат.

 

Ооба, айрыкча жүргүнчүлөрдү ташыган автоунаалардын камсыздандырылышы туура эле. Анткени кокустук болуп, аварияга учураса чыгымды ошол камсыздандырган компания же фирма төлөп берет. Бирок мындай маалыматты таратып, айдоочуларды эмитен коркута баштаган мамлекеттик чиновниктер камсыздандыруу акчасы мамлекеттик же жеке компанияга төлөнөрү тууралуу айтпай жатышат. Дал ушул ишенбөөчүлүк жагдайынан улам бул мыйзам эки жыл мурда айдоочулардын колдоосуна ээ болгон эмес эле. Себеби бизде миллиондогон же балким, миллиарддаган сом акчаны чогултуп алып, жоголуп кеткен, карапайым элди сызга отургузуп койгон шылуундар өткөн тарыхыбызда көп эле болгон. Эми болсо бийлик элди, айдоочуларды ормон опуза менен автоунаасын камсыздандырууга мажбурлоодо.

 

 

 

“Майдан. kg” гезити