Печать
Категория: Коом
Просмотров: 118

 

Себеби негизги жүргүнчүлөрдү тейлеген унаалар жеке менчик болгондуктан, график, жол эрежесин сакташпайт. Мындан тышкары рулда баратып уюлдук телефон менен сүйлөшүү, салондо тамеки тартуу жана жүргүнчүлөрдү урушуп, жекирүү аларга көнүмүш адат болуп калган. Элдин мына ушул айдоочуларга карата Кудайга жеткен нааразычылыгы бийликтегилерге да жеттиби, айтор  жакында катуу ылдамдык менен жүргөн метробустар ишке кире тургандыгын убада кылган. Бирок азырынча бул автобустар качан каттай баштай тургандыгынын так күнү/айы белгисиз.

 

Алдын ала пландар боюнча, метробустар 2-3 мүнөттүк интервал менен каттайт.

 

Биринчи этапта маршрутту 12-кичирайонунан баштап, А.Токомбаев (Түштүк магистраль) көчөсүнө андан кийин Жукеев-Пудовкинадан Ибраимов көчөсүнө чейин, анан Токтогул көчөсү менен Фучикке чейин кылуу каралууда.

 

Экинчи этап Токомбаев (Түштүк магистраль) көчөсүнөн Чортеков көчөсүнө чейин, андан Гагарин, Садырбаев көчөсү менен Фучик көчөсүн өтүп Москва көчөсүнө чыгаруу каралууда.

 

Мэриянын өкүлдөрү кабарлагандай, метробус - бул жогорку ылдамдыктагы BRT автобус системасы. Алардын жөнөкөй автобустардан айырмасы – алар атайын бир линия менен жүрүп, үзүгү жок линияны түзөт. Жүргүнчүлөрдү түшүрүү жана чыгаруу атайын турникеттер аркылуу жүргүзүлөт. Жол акы да Союз учурундагыдай билет системасы менен төлөнөт экен. “Болсун, болсун, Курман ыраазы”,- дегенден башка эч нерсе айта албайбыз.

 

 

 

“Майдан-пресс”, “Майдан. kg” гезити