Печать
Категория: Коом
Просмотров: 149


 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет тарых музейин оңдоодо мамлекетке 101 миллион сомдон ашуун зыян келгенин жарыялады.

 

Буга байланыштуу мурдагы премьер-министр Сапар Исаковго козголгон экинчи кылмыш иштин алкагында ага “коррупция” беренеси боюнча айыбы угузулду.

 

Ишти тергеген Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет музейге алынган буюмдардын жана курулуш материалдарынын наркы базар баасынан бир канча эсе жогору болгону аныкталганын билдирди.

 

Кыргызстан социал-демократтар партиясынын катчылыгы мурдагы премьер-министрге экинчи кылмыш иши боюнча тагылган айыпты дагы саясий куугунтук катары баалады.

 

Бюджеттин акчасы корогондо...

 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башкы тергөө башкармалыгы мурдагы премьер-министр Сапар Исаковго Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 2-бөлүгүнүн негизинде оор коррупциялык кылмыш белгилери боюнча айыбын угузду.

 

2016-жылдагы эки тараптуу макулдашуунун негизинде Түркиянын ТИКА уюму Бишкектеги мамлекеттик тарых музейин оңдоону өзүнө алып, ага 15 миллион АКШ доллары өлчөмүндө каражат караган.

 

Сапар Исаков президенттик аппаратты жетектеп турганда музейди оңдоону 2017-жылдын 31-августуна чейин бүтүрүүнү талап кылгандан улам, Түркия тарап жумушту улантуудан баш тартканы тергөөдө аныкталган. Буга байланыштуу мамлекеттик бюджеттен бир жарым миллиард сомдон ашуун кошумча каражат сарпталган. Анын 4 миллион доллардан ашууну музейдин сыртын оңдоого жана көрктөндүрүүгө жумшалганы атайын кызматтын учкай маалыматында көрсөтүлгөн.

 

“Жүрөк түшүргөн” чыгымдар

 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз өкүлү Асел Адылбек кызы музейдин жасалгасы эле 55 миллион сомдон ашып түшүп, чыгымдар ашыкча көрсөтүлгөнү тергөөдө аныкталганын билдирди:

 

2017-жылы Сапар Исаков жеке адамдар менен мыйзамсыз туруктуу байланыш түзүп, өлкө кызыкчылыгына каршы мамлекеттик сатып алуулардын процедурасын өткөрбөстөн, музейге жаңы экспозиция жасатуу үчүн германиялык компанияны катыштырган. Натыйжада, белгиленген компания мурда бекитилген музейдин концепциясына туура келбеген экспонаттарды жана жабдыктарды, атап айтканда, кафетерийге кымбат баадагы жабдууларды, эки ак жыгач аттын макетин, 59 бутактан турган инсталляцияга жана анын жыгач койгучтарына эле бардыгы болуп 55 млн. 593 миң 772 сом жумшалган.

 

Тергөөнүн жүрүшүндө Мамлекеттик тарых музейин жабдууга жана жасалгалоого тартылган немис компаниясы алып келген материалдардын наркынын Кыргызстандагы базар баасынан айырмасы 3 млн. 785 миң 600 сомду түзгөнү аныкталган. Мындан сырткары немис компаниясы менен улуттук валютада эмес евро курсу менен түзүлгөн мыйзамсыз келишимдин негизинде 42 млн. 311 миң 428 сом айырма келип чыкканы көрсөтүлгөн.

 

101 миллион сом өөнөлгөнбү?

 

Ошентип, тарых музейин оңдоого мыйзамсыз көзөмөл жүргүзгөн президенттик аппараттын ошол кездеги жетекчиси Сапар Исаковдун кыйыр жана түз кийлигишүүсүнүн натыйжасында мамлекетке 101 млн. сомдон ашуун зыян келтирилгени айыптоо корутундусунда келтирилген.

 

Юрист Кайрат Осмоналиев Сапар Исаков мурда телеканалга курган маегинде музейди оңдоого жеке көзөмөл жүргүзгөнүн моюнуна алганын айтып, тергөөдө чыгымдар эмненин негизинде салыштырылып чыгарыларын белгиледи: “- 101 миллион сом зыян келтирилгени чындыкка жакын.

 

Анткени чыгашалардын сметалары соттук-экспертизалардын негизинде эсептелип чыгарылып, базар баасы менен салыштырылат. Ошонун негизинде мына ошол зыяндын өлчөмү аныкталып отурат. Музейди оңдоо долбоорун ишке ашыруу Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу схемаларга окшош экени көрүнүп турат. Анда дагы ачык-айкын тендер өткөн эмес. Бул долбоордо дагы иштин бардыгы жең ичинен бүткөн. Анан дагы мыйзамсыз оозеки жана жазуу түрүндө берилген буйруктар аркылуу анын жеке өзүнүн кийлигишүүсү ырасталып жатат.

 

Анан дагы "Апрель" телеканалына берген маегинде Сапар Исаков музейди оңдоонун башында өзү турганын жана ал үчүн сыймыктана турганын айткан жайы бар. Муну менен ал президенттик аппараттын жетекчиси болуп турганда өзүнүн ыйгарым укугуна кирбеген милдетти алганы көрүнүп калды”.

 

КСДП ишти саясаттан көрөт 


Ошол эле кезде КСДП партиясынын катчылыгы саясий кеңештин мүчөсү, мурдагы премьер-министр Сапар Исаковго экинчи кылмыш ишининин негизинде тагылган айыпты дагы саясий куугунтук катары кабыл алды.

 

КСДП партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева бул кылмыш ишти саясий буюртма катары карап, тарых музейи боюнча тергөө дагы айыпкерди алдын ала дайындоону көздөө менен жүрдү деген позицияны карманды: “- Негизи Сапар Исаковго биринчи козголгон Бишкек ЖЭБ долбоору боюнча кылмыш иши дагы, азыр айып тагылып жаткан экинчи иши дагы саясий буюртма менен жасалганы көрүнүп эле турат. Азыр болсо адвокат Нурбек Токтакунов тагылган кылмыш иши менен таанышып жатат. Ошондон соң айыптоо корутундусундагы мыйзамсыздыктар жана укуктук калпыстыктыктар боюнча өзүнчө комментарий болот. Биз бул жерде баса белгилей турган жагдай - бул эки кылмыш ишинде тең саясий куугунтук жасоонун элементтери бар”.

 

Шектүү байланыштар

 

Анткен менен жарандык активист Айбек Мырза мамлекеттик тарых музейин оңдоого тартылган курулуш компаниясы ага чейин “Манас” аэропортун, Чолпон-Атадагы ат майданын курууга катышканы шек жарата турганын айтты.

 

Ошондуктан Айбек Мырза тергөө мына ошол коррупциялык байланыштарды таап, аныктап чыккан болушу мүмкүн деген ойдо: “- Тарых музейин оңдоого тартылган СМУ деген курулуш компаниясы ага чейин башка дагы жападан жалгыз эле мамлекеттик объектилерди оңдоо жана куруу боюнча иштерге катышып, иш алып барып келгени кызык. Бул жерде мына ошол эле компания аэропортто иштеп, Көчмөндөр оюну учурунда дагы ат майданын ошол компания куруп жатат. Кийин компания тарых музейин оңдоого тартылган. Көчмөндөр оюнун уюштурууда, тарых музейин оңдоодо дагы Сапар Исаковдун аты аталган. Аны ал өзү дагы моюнуна алган. Анан бул жерде мына ошол байланыштар аркылуу атайын мына ошол компанияны гана алдыга түрткөн кызыкчылык болгон эмеспи деген шек бар. Эми мунун баары сот учурунда айтылат болсо керек”. 


Тергөө учурунда тарых музейинин сыртын оңдоого Түркиянын ТИКА уюму тарабынан каралган 15 миллион доллардын 4,5 миллион доллары бөлүнүп, өздөштүрүлгөнү аныкталган.

 

Музейди жасалгалоо үчүн эки жыгач ат 22 миң евродон алынып, инсталляция катары музейге коюлган бутактын ар биринин баасы 148 миң сомдон турганы депутаттык комиссиянын иликтөөсүндө белгилүү болгон. Мындан сырткары Тарых музейинен сыйрылган кымбат баалуу эски мрамор жана гранит плиталар жоголгону боюнча парламентте маселе көтөрүлгөн.

 

 

 

Булак: “Азаттык”